Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Легендарлуу балерина Майя Плисецкая дүйнө салды


Майя Плисецкая күйөөсү Рдион Щедрин менен
Майя Плисецкая күйөөсү Рдион Щедрин менен

Белгилүү бийчи, бир катар жогорку сыйлыктардын ээси Майя Плисецкая 2-майда 90 жаш курагында Германияда дүйнө салды. Москвадагы Чоң театрдын башкы директору Владимир Урин Плисецкаянын жүрөгү кармап калганын балеринанын күйөөсү Родион Щедринге таянып билдирген.

Майя Плисецкая сахнада 60 жыл бийлеген. Анын 50 жылы Чоң театрдын сахнасында өткөн. Ал классикалык репертуарлардын дээрлик бардыгында башкы партияда ойноп келген. Алардын арасынан “Ак куу көлүндө” Одетта-Одиллиянын, “Уктаган сулууда” Авроранын, “Кармен-сиютта” Кармендин жана башка белгилүү партияларды аткарган.

Үй-бүлөсү менен 1991-жылдан бери Германиянын Мюнхен шаарында жашачу. Быйыл ноябрь айында анын 90 жылдык мааракесин чоң салтанат менен Чоң театрда өткөрүү пландалып жаткан.

Владимир Урин бийчинин мааракеси өзү жок болсо да өткөрүлө турганын белгиледи. Орусиянын президенти Владимир Путин Майя Плисецкаянын жакындарына көңүл айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG