Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Канжар Кадыралиев ооруканадан чыга элек


Кылмышка шектелген мурдагы прокурор Канжар Кадыралиев Бишкектеги ооруканада дарыланууда. Ал кайтарууда экенин “Азаттыкка” адвокат Икрамидин Айткулов кабарлады. Жогорку Соттун чечими менен мурдагы прокурор №1 тергөө абагына киргизилиши керек болчу. Буга чейин Башкы прокуратура Кадыралиевди камакка алуу боюнча Ички иштер министрлигине расмий кат жолдогон. Ал эми аталган министрлик айыпталуучу учурда ооруканада экенин, чыккан соң камакка алынарын билдирген. Айткулов болсо Кадыралиев операциядан кийин дагы дарыланууга муктаж экенин билдирүүдө.

22-апрелде Жогорку Сот Кадыралиевди 26-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Башкы прокуратура буга чейин Социал-демократтар фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Аны камакка алуу чечимине карабай Кадыралиев беш айга жакын качып жүрүп, март айында прокуратурага өз эрки менен келген эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG