Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Италиянын жээк күзөт кызматы 3,5 миң мигрантты куткарды


Италия бийликтеринин айтымында, өткөн күн жээк күзөт кызматы үчүн оор болду. Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштан жалпысынан 3,5 миң киши үч кайык менен Италия жээгине жетүүнү максат кылышкан. Маалыматка караганда, апрель айынын ортосуна чейин эле орто эсеп менен мыйзамсыз келаткан 6,5 миң мигрант куткарылган.

14-апрелде Ливиядан Италияга бараткан мигранттар түшкөн кеме кырсыкка кабылып, 400 адам каза болгон. Алардын арасында көпчүлүгү балдар. Жер ортолук деңизде кырсыкты алдын алуу, көзөмөлдү күчөтүү чечими Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштан келип жаткан миграция агымы боюнча 23-апрелде өткөн чукул сүйлөшүүлөрдө кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG