Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Техастагы ок атуудан улам Аризонада тинтүү жүргүзүлдү


Далластын чет жакасындагы атышууга байланыштуу ФБРдин агенттери бүгүн Аризона штатынын Феникс шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде тинтүү жүргүздү.

Эй Би Си телеканалы ФБРдин өкүлүнө шилтеме жасап кабарлагандай, Далласта ок аткандардын бири тинтүү жүргүзүлгөн батирде жашаган.

Ошондой эле ал мындан беш жылча мурун ФБРдин агенттерине Африкага, террордук уюмга кошулуу аракетинде баруу планын жашырганына байланыштуу соттолгон.

Кечээ Далластын чет жакасында, Мухаммед пайгамбардын карикатуралары боюнча сынактын жыйынтыгына арналган көргөзмө өтүп жаткан сүрөт борборунда белгисиз адамдар ок ачып, полиция менен атышууда эки киши каза тапкан, коопсуздук кызматкерлердин бири жаракат алган.

Пайгамбардын карикатуралары боюнча сынакты “Эркиндикти коргоонун америкалык демилгеси" деген уюм өткөрүп, баш байгесине 10 миң доллар сайган болчу.

Батышта Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын тартылып, жарыяланышы буга дейре айрым мусулман өлкөлөрүндө наарзылыктарды, ал эми радикалдардын коркутууларын жараткан.

Быйыл январда Парижде “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын редакциясына кол салып, он эки адамды мерт кылгандар өз аракетин журнал пайгамбардын карикатураларын жарыялаганы үчүн өч алуу катары сыпатташкан. (UE)

XS
SM
MD
LG