"Талибан" кыймылы келечектеги сүйлөшүүлөр үчүн саясий кеңсесин ачуу зарыл экенине ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү да макул болду.
Бул тууралуу Катар мамлекетинде эки күнгө созулган жолугушуунун соңунан таратылган билдирүүдө айтылат.
"Бейрасмий” деп аталган жыйынга "Талибандын", ооган өкмөтүнүн жана БУУнун өкүлдөрүнөн кырктай делегат катышты.
Анда тараптар "Талибан" Катарда саясий өкүлчүлүгүн кайра ачуусу керектигине макул болушкан.
"Талибандын" саясий кеңсеси буга чейин 2013-жылы ачылып, бирок талаш жараткандан кийин жабылган эле.
Анда сүйлөшүүлөрдү баштоо аракетинен майнап чыкпай калган.
"Талибандын" делегаттарынын бири Рейтер агенттигине азыркы жолугушууда да эң башкы маселе - ок атышууну токтотууда жылыш жоктугун билдирди.
Анын айтымында, "Талибан" урушту Ооганстандан чет элдик аскерлердин баары кетмейинче токтотпойт.
Катардагы жыйын сүйлөшүүлөрдү улантуу убадасы менен аяктады.
Ооганстандын азыркы президенти Ашраф Гани бийликке келгенден бери "Талибан" менен сүйлөшүүгө артыкчылык берүүдө.
Бул аралыкта дүйшөмбүдө Бадахшан провинциясында полициянын көзөмөл бекеттерине жасалган кол салуудан 16 полициячы өлгөнү белгилүү болду.
Ал эми борбор Кабулда жанкечтин өкмөттүк кызматкерлер түшкөн автобусту жардырып, бир адамдын өмүрү кыйылып, 15тей киши жаракат алды.
"Талибан" өткөн аптада жазгы чабуул баштаганын жарыялаган. (UE)