Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Түркиянын президенти 9-майда Москвага барбайт


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Москвага Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанатка келбейт. Бул тууралуу Орусиядагы Түркиянын элчилигинен маалымдашты. 9-майда Кызыл аянтта өтө турган парадга Түркиянын Орусиядагы элчиси Умит Ярдым гана катышат.

Эрдогандын мындай чечиминин себеби азырынча белгисиз.

Жакында эле Түркиянын президенти Арменияга Осмон империясынын тушунда армяндардын массалык кырылышынын 100 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышууга келгени үчүн Владимир Путинди кескин сынга алган.

Орусиянын Украинанын чыгышында жүргүзүп жаткан саясаты үчүн АКШ, Франция, Улуу Британия жана Европанын башка өлкөлөрүнүн бир катар лидерлери Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө Москвага келүүдөн баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG