Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Ош аэропортунун кызматкерлери жетекчиликке нааразы


Ош аэропорту жылына бир миллионго жакын жүргүнчүнү кабыл алат
Ош аэропорту жылына бир миллионго жакын жүргүнчүнү кабыл алат

Ош эл аралык аба майданынын бир нече кызматкери аэропорттун жетекчиси Абдунаби Алиевди кызматтан алуу талабын коюшууда

Буга байланыштуу алар бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Ош аэропортундагы коррупция, мыйзамсыздык тууралуу маалымат беришмекчи. Жетекчиликке нааразы болгондор мекемеде коррупция, тааныш-билиштик күчөп, тейлөө начарлаганын айтып келишет. Алардын айтымында, Алиев иштеген эки жыл ичинде аэропорттон 300дөй кызматкер негизсиз жумуштан бошотулуп, алардын ордуна өң-тааныш кишилер жумушка алынган.

Ош аба майданындагы нааразылык маселе боюнча мурдараак “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилиги кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” кабарлаган.

Ош эл аралык аба майданы “Манас" эл аралык аэропортунун филиалы болуп саналат. Ал жылына кеминде бир миллионго жакын жүргүнчүнү кабыл алат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG