Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Кызыл-Жардагы ооруканадан качкан жаран изделүүдө


Кызыл-Жар ооруканасы
Кызыл-Жар ооруканасы

Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканадан качып кеткен Сузактын тургуну изделүүдө. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси менен айыпталып, Таш-Көмүр шаардык сотунун чечими менен 2013-жылдын 16-декабрынан бери дарыланып келаткан жаран сыртка чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык бул бөлүмдө дарыланып жаткандар кайтарууга алынбайт. Учурда Таш-Көмүр ШИИБү тарабынан текшерүү-издөө иштери жүргүзүлүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG