Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 23:02

Бишкекте эмки аптадан тартып ысык суу болбойт


12-майдан 12-июнга чейин Бишкекте ысык суу өчүрүлөт. Бул жыл сайын боло жүрчү оңдоо иштерине байланыштуу болууда. Бишкек мэриясынан маалымдашкандай, жылуулук борборун быйыл кышка карата даярдап-оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 12-майдан тартып, ысык сууну убактылуу өчүрүү тууралуу буйрукка мэр Кубанычбек Кулматов 4-майда кол койду.

Жыл сайын Бишкекте май-июнь айларында ысык суу бир айлык мөөнөт менен өчүрүлөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG