Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Жеңиш-70: Юбилейлик медалдар тапшырылды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Москвадагы Жеңиш парадына катыша турган кыргызстандык ардагерлерди кабыл алып, аларга «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» юбилейлик медалдарын тапшырды.

Мамлекет башчы ардагерлерди келе жаткан майрам менен куттуктап, бул Жеңиш кыргызстандыктар үчүн ар дайым өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

Юбилейлик медалдар ардагерлер Мухтар Нургазиев, Сатымкул Садыков, Тенти Тамашаев, Асек Усубалиев, Садила Сейдакматов, Анатай Кутманбетов, Алексей Варавин, Садыбакас Ералиев, Мама Бакиров, Топонбай Чотбаев, Шаабай Шатманов, Арзыкул Мамарасулов жана Курманбек Акуновго берилди.

Москвадагы Жеңиш майрамына 9-майда Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев менен кошо 10 ардагер катышары мурда кабарланган.

Бүгүнкүдөй медалдар жалпысынан 1141 кыргызстандык ардагерге тапшырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG