Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Орусия украин кризиси токтобой жатышына Европаны айыптады


"Европа биримдигиндеги айрым бирөөлөр Украинанын чыгышындагы ок атышууну токтотуу келишими ишке ашпасына кызыкдар болууда" деп бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров айтып чыкты.

Бүгүн Минскте Орусия, Украина жана ЕККУ уюмунун өкүлдөрүнүн кезектеги жыйыны башталганы жатат. Украинадагы кырдаалды, быйыл 12-февралда кабыл алынган Минск келишиминин аткарылышын талкуулаган бул жолугушуу жабык өтөт.

Евробиримдик Лавровдун билдирүүсүнө азырынча реакция жасай элек.

Ал арада Украинанын Коргонуу кеңешинин расмий өкүлү Андрей Лысенко өлкө чыгышында орусиячыл жикчилер кол салууну күчөткөнүн билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG