Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

“Манас” сөздүгү басмага даярдалды


Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун “Манас” бөлүмү “Манас” сөздүгүн даярдап, басмага сунуш кылды. Бул тууралуу бүгүн академиянын өкүлү Бүбү Токоева билдирди.

Анын айтымында, бул сөздүк кыргыз тилинин байлыгын, түшүнүктөрдүн көп маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдейт.

- Сөздүктө архаизм, историзм, турмуш-тиричиликте жолугуучу сөздөргө кеңири түшүнүк берилген. Азыр аны коомчулукка жеткирүү үчүн каражат издеп жатабыз. Сөздүк жарык көрсө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чоң салым кошмокчу, - дейт илимий долбоордун жетекчиси, академик Абдылдажан Акматалиев. (RK)

XS
SM
MD
LG