Жалал-Абаддын Сузак районунда окуучулар арасында грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери Раатбек Санатбаевдин элесине арналган эл аралык турнир башталды. Сегизинчи ирет өтүп жаткан спорттук мелдеш Жалгыз-Жаңгак айылындагы спортчунун аты коюлган мектепте өтүүдө.
Бул тууралуу турнирди уюштуруучулардын бири Жылдызбек Турганов билдирди.
Эки күндүк мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан жана Тажикстандан келген 15-17 жаштагы 500дөн ашуун күрөшчү катышууда. Турнир 7-майда жыйынтыкталат. (RsK)