Соңку суткада Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилердин колунан 5 украин аскери каза таап, 12 солдат жараат алды. Бул тууралуу кабарлаган өлкөнүн расмий булактарынын айтымында, жикчилер Тынчтык келишимин бузуп, 42 жолу ок чыгарды.
Ал арада жикчилер өкмөттүк аскерлерди миномет жана гранатомет колдонуп жатканы үчүн айыптады.
Бүгүн Минскте украин кризиси боюнча байланыш тобунун кезектеги отуруму башталды. Ага Орусия, Украина жана ЕККУ катышууда. (RK)