Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Кыргыз күрөшчүлөрү Азия чемпиондугунун финалына өттү


Айаал Лазарев
Айаал Лазарев

Кыргызстандык күрөшчүлөр Айсулуу Тыныбекова, Самат Надырбек уулу жана Айаал Лазарев Катарда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда финалга жолдомо алышты.

57 кг салмакта Самат Надырбек уулу ирандык Фироуз Сармазтидизажини 5:0 эсебинде утуп алды. Ал финалда монгол балбаны Эрденебат Бекхбайар менен күч сынашат. Ал эми 125 кг салмакта жарым финалда тажикстандык Фарход Анакуловду уткан Айаал Лазарев финалда Комейл Немат Гасемиге каршы чыгат.

Ошондой эле 58 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова жарым финалда казакстандык Айым Абдилдинаны жеңди. Эми алтын байге үчүн олимпиаданын үч жолку, дүйнөнүн 9 жолку, Азиянын эки жолку чемпиону, жапониялык Каори Итё менен таймашат.

65 кг салмакта күч сынашкан дагы бир кыргыз балбаны Азат Миррахимов жооткотуучу беттеште тажик атаандашын жеңип, коло медал үчүн ат салыша турган болду.

Бүгүн, 6-майда Катардын борбору Доха шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак алгачкы мелдеш күнүндө эркин күрөштөн эркектер жана кыз-келиндер арасында беш салмакта байгелер ойнотулду. (ECh)

XS
SM
MD
LG