Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Ошто 12 чет элдик жаран кармалды


Ошто өзбек тектүү жарандар жашаган аймактарды аралап жүргөн 12 чет элдик жаран кармалды. 6-майдын кечинде Фергана көчөсүндө жашаган тургундар милицияга телефон чалып, калпак кийген кишилер эшиктерди каккылап жүргөнүн, мындан эл кооптонуп жатканын айтышкан. Ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери аталган көчөнүн 97-үйүнөн 12 адамды кармаган.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, алар христиан-протестанттардын Бишкекте каттоого алынган “Маданий каада-салт” коомдук фондунун өкүлдөрү экени, Баткенден Бишкекке баратып аталган дарекке токтогону аныкталды.

Арасында Бразилиянын, АКШнын, Швециянын, Украинанын жана Түштүк Кореянын жарандары бар. Алдын ала маалыматка караганда, алар даректерин таппай дарбазаларды каккылап чыгышкан. Иликтөө иштери уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG