Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

АКШ Cенаты Иран менен түзүлгөн келишим боюнча мыйзамды жактырды


Эми бул мыйзам Өкүлдөр палатасынын кароосуна жиберилет. Бул мыйзамга ылайык, Ирандын өзөктүк программасын чектөө боюнча жетишилген келишимдин күчүнө кириши отуз күнгө чейин жылдырылып турат. Бул аралыкта Конгресс эл аралык келишимди кабыл алуу же жокко чыгаруу боюнча добуш бере алат.

Аталган мыйзамды расмий Тегеран кескин сынга алып, дүйнөнүн алты державасы менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө АКШнын мыйзамчылары катышпасын белгиледи.

XS
SM
MD
LG