Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Өкмөт башчы Дүйшөнкул Шопоковдун кичи мекенине барат


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун атына коюлган шаарчага барып, ал жерде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышат. Мындан тышкары Сокулук районундагы социалдык-экономикалык абал менен таанышат.

Бишкекте Советтер Союзунун баатыры Иван Панфиловдун эстелигине гүл коюу аземи болот. Ошондой эле Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтин ачылышы бүгүн Бишкек шаарында болот.

Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, эстелик мурда тургузулуп, каралбай калган. Ал “Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына эстеликтерди оңдоо” долбоорунун алкагында жаңылап оңдолгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG