Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Корей жаранына 22,5 млн. доллар төлөп берүү чечими жокко чыкты


Москва арбитраждык соту Кыргызстан корей жаранына 22,5 млн. доллар төлөп берсин деген мурдагы соттук чечимди жокко чыгарды. Кыргызстан Түштүк Кореянын жараны Ли Жон Бэкке жана Central Asia FEZ Development Corporation ишканасына 22,5 млн. доллар төлөп берсин деген чечимди Москва соода-өндүрүш палатасынын арбитраждык соту 2013-жылдын 13-ноябрында чыгарган эле.

6-май күнү бул боюнча кыргыз тараптын доо арызын Москва шаардык арбитраждык соту карап, мурунку чечимди жокко чыгарды. Сот чечими эгер каршы тарап апелляция бербесе, 30 күн ичинде күчүнө кирет.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн аппаратынан маалымдашты.

Мурдараак Кыргызстан Москвадагы соода-өнөр жай палата арбитражынын Stans Energy Corp. жана Kutisay Mining компанияларына 118 млн. доллар төлөп берсин деген чечимин жокко чыгарууга жетишкен болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG