Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Журналист Исманали Муратов операция болду


Индиянын Дели шаарындагы "Меданта" клиникасында өткөн 16 сааттык операция ийгиликтүү болуп, Исманалиге кайнатасы Турдубек Саитовдун жарым боору салынды. Учурда Муратовдун да, Саитовдун да абалы жакшы. Алар үч-төрт реанимациядан башка палатага чыгарылат. Бул тууралуу Дели шаарында Муратовду карап жүргөн анын бир тууган агасы Рахманали Муратов билдирди.

Операцияга жалпы 60 миң доллардан ашык каражат сарпталды.
"Марал FM" радиосунун Оштогу кабарчысы Исманали Муратов альвеококкоз дартына чалдыгып, боорунун жарымы жараксыз болуп калган. Толук сакайышы үчүн чет элден операция жасатууга 80 миң доллар керек болгон. Бул үчүн анын достору жыл башынан бери базарларда кофе-чай сатып, ырдап акча чогултушкан. Кийин "Элим барсыңбы?" коомдук фонду тарабынан Ош шаарында атайын концерт да өткөн. Алар атайын мечиттерден каражат чогултушкан. Жалпы 56 миң доллардай акча топтолгон.


Исманали үчүн дары-дармек жана аны Кыргызстанга алып келүү үчүн дагы 10 миң доллардай акча керек. Аны чогултуу үчүн Муратовдун достору IsmanLife же “Исманга өмүр тартуула” акциясын уланта беришмекчи. (ErN).

XS
SM
MD
LG