Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

"БМЗ" ишканасы боюнча кылмыш иш козголду


Бишкектеги машина куруу заводунун жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында 7-майда “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында ишкананын өкүлдөрү Мамлекеттик мүлк фондунун макулдугусуз коргоонуу багытындагы шаймандарды жана буюмдарды төмөндөтүлгөн баада сатып жиберген. Бул факт УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн териштирүү учурунда аныкталган.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2010-жылдын ноябрь айында «Тульск ок дары заводунун» соода үйү менен 154 миң долларлык келишим түзүлгөн. Бирок сатылган товардын ошол кездеги базар баасы 1 миллион сомдон ашуун болгондуктан мамлекетке дээрлик 950 миң долларлык зыян келтирилгени аныкталды.

Учурда тергөө уланууда. (AI/RK)

XS
SM
MD
LG