Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

"Жал" кичи районунда 1,5 млн сомдук лифт орнотулду


Бишкектин "Жал" кичи районундагы 9 кабат үйлөрдүн биринин тургундарынын лифт маселеси чечилди. Мэриядан бүгүн кабарлашкандай, №5 үйдө жаңы лифт пайдаланууга берилди. Аны сатып алып орнотууга шаардык бюджеттен 1 миллион 400 миң сом бөлүнгөн. Үйдүн лифти 2013-жылы өрт кырсыгынан кийин жарактан чыгып калган. Ошондон бери 40% пенсия курагындагы тургундар жөө көтөрүлүп-түшүүгө мажбур болуп келген.

Бишкек үчүн лифт маселеси өзгөчө көйгөй. Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Бишкектеги көп кабат имараттарда жалпысынан 2362 лифт бар. Алардын 1008ин "Бишкеклифт", калгандарын "Кыргызлифт", "Лифткомплект", "Лифтстройсервис" сыяктуу 5-6 фирма тейлейт.

"Бишкеклифт" ишканасы караган лифттердин 70% эскилиги жеткенин, аларды алмаштырууга каражат жок экенин "Азаттыкка" аталган мекеменин өкүлү Жамила Сарымсакова билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG