Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Пакистандагы авиакырсыкта 7 адам, анын ичинде эки элчи өлдү


Пакистанда аскердик тик учак кыйрап, жети адам, анын ичинде эки элчи курман болду. Окуя 8-майда Гилгит-Балтистан аймагында болду. Кырсыкта Филиппиндин жана Норвегиянын элчилери, Малайзиянын жана Индонезиянын элчилеринин жубайлары, ошондой эле үч учкуч ажал тапканын Пакистан армиясынын өкүлү, генерал-майор Азим Бажва “Азаттык” радиосуна тастыктады. Ондон ашык адам, алардын арасында Польшанын жана Нидерландиянын элчилери жарадар болушкан.

Тик учак техникалык себептен кыйрады деп билдирди Пакистандын коргоо министри Хважа Мохаммед Азиф. Буга чейин "Техрик-е-Талибан" уюмунун өкүлү Мухаммад Хурасани “Азаттыкка” жиберген катында алар премьер-министр Наваз Шариф түшкөн тик учакты мээлеп, бирок жаңылып калганын билдирген. Батыштык дипломаттарды жүктөгөн калган эки тик учак аман-эсен жерге конгон.

XS
SM
MD
LG