Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Германия канцлери Меркел Москвага келет


Германиянын канцлери Ангела Меркел
Германиянын канцлери Ангела Меркел

Бүгүн Германиянын канцлери Ангела Меркел Москвага келет. Ал орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, Кремл дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин бейитине гүлчамбар коет.

Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун билдиргендей, жолугушууда Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу жолдору талкууланат.

ТАСС агенттиги жазгандай Украина маселеси боюнча эки өлкө жетекчилери бат-бат жолугуп жатышат. Былтыр төрт жолу жолугуп, 34 жолу телефондон сүйлөшсө, быйыл жыл башынан бери эки жолу көрүшүп, 16 ирет телефон аркылуу байланышкан.

Украинанын чыгышындагы кырдаал жана Крым аннексияланышынан улам АКШ жана Европа өлкөрүнүн бир катар жетекчилери Москвадагы аскердик парадга катышуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG