Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Коргоо министрлигине таандык үй боюнча кылмыш иши козголду


Бишкекте Коргоо министрлигине караган мекемелерде иштегендер үчүн курулган 104 батирлүү үйдүн айланасындагы талаш жагдайдан улам кылмыш иши козголду. Аскердик прокуратуранын маалыматына ылайык, 2014-жылы үйдү бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 13 мүчөсүнүн 9у аталган үйдөн батир алганы аныкталды. Ошондой эле министрликке тиешеси жок мекемелердин өкүлдөрүнө да үй берилгени, айрым офицерлер батирлерин чет элдиктерге ижарага өткөргөнү маалым болду.

“Азаттыктын” ушул жааттагы иликтөөсүн бүгүн кечки саат тогузда КТРКдан эфирге бериле турган “Ыңгайсыз суроолор” программасынан көрсөңүздөр болот.

Көрсөтүүдө борбор калаанын түрдүү аймактарына жана Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районундагы эс алуу багынын айланасына курулган мыйзамсыз үйлөр тууралуу да сөз болот. (SE)

XS
SM
MD
LG