Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

"Ак шоола" Түркияда баш байгени алды


Кыргызстандын “Ак шоола” балдар хору Түркиянын Анталия шаарында өткөн балдардын эл аралык конкурсунда баш байгени жана 2 биринчи орунду жеңип алышты. Үч топтон турган 5 жаштан 16 жашка чейинки 40 бала алдына эч кимди чыгарбай, намыска жарап келгенин "Азаттыкка" Кыргызстандын композиторлор союзунан кабарлашты. Топту кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты Гүлмира Эсенгулова жетектейт.

Жеңүүчү балдар бүгүн таңга жуук Бишкекке келишти. "Ак шооланын" бул сынакка катышуусуна негизинен балдардын ата-энелери демөөрчүлүк кылышкан.

XS
SM
MD
LG