Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Македония эки күндөн бери аза күтүүдө


Жарандар Македон полициясы менен куралчан топтун салгылашуусу болгон үйлөрдүн жанында. Куманово шаары. 11-май 2015
Жарандар Македон полициясы менен куралчан топтун салгылашуусу болгон үйлөрдүн жанында. Куманово шаары. 11-май 2015

9-10-май күндөрү Куманово шаарында куралдуу топ менен болгон аткылашууда сегиз полициячы окко учкан. Македониянын президенти Георге Иванов: "Биз сегиз адамыбыздан айрылдык. Алар өз өнөктөштөрү менен чогуу балким 8 000 адамды өлүмдөн сактады,”- деди 10-майда кечинде улуттук телеканалдан сүйлөп.

Косово жана Сербияга чек аралаш Куманово шаарындагы кагылышта куралчан топтун мүчөсү деп шектелген 14 адам жок кылынган.

Полиция ар кайсы жерлерде террорчулардын Македонияны тополоңго салчу координацияланган чабуулун болтурган жок, - деп кошумчалады Иванов.

Премьер-министр Никола Груевскинин билдиришинче, куралдуу топтун косоволук беш командири тең мурда Балканда жана Жакынкы Чыгыштагы согуштарда катышкан экен.

XS
SM
MD
LG