Шашылыш билдирүү!
11-13 майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
12-майда болсо көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен облусунда түнкүсүн 10... 15, күндүз 20... 25
Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 11... 16, күндүз 21... 26
Талас өрөөнүндө түнү 7…12; күндү 19…24
Ысык-Көлдө түнү 5... 10; күндүз 18... 23
Нарында түнү 4... 9; күндүз 18... 23
Чүй облусунда түнү 10... 15; күндүз 20... 25
Суусамыр өрөөнүндө түнү 1... 6; күндүзү 16... 21 градус ысык.
12-майда Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метерден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 19…21° ысык болушу күтүлөт.