Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

ЕБ Македониядагы кырдаалга кыжалат


Куманово шаарындагы кагылышта кыйраган турак үйлөр. Македония. 11-май 2015
Куманово шаарындагы кагылышта кыйраган турак үйлөр. Македония. 11-май 2015

Македония аза күтүүдө. 9-10-май күндөрү Куманово шаарында куралдуу топ менен болгон аткылашууда сегиз полициячы окко учкан. Косово жана Сербияга чек аралаш шаардагы кагылышта куралчан топтун мүчөсү деп шектелген 14 адам жок кылынганы расмий кабарланды.

Евробиримдиктин коңшулук саясат жана кеңейүү маселесин сүйлөшүү боюнча комиссары Йоханнес Хан Македониядагы абалга тынчсызданганын билдирди: “Бизди дем алыш күндөрү эмне болгону тынчсыздандырат. Биз ага тиешеси бар бардык тараптарды жана оюнчуларды эмне болгонун, ким жооптуу экенин аныктоо үчүн шымалана чогуу иштешүүгө чакырабыз.”

Македония өкмөтү куралдуу топтун косоволук беш командири тең мурда Балканда жана Жакынкы Чыгыштагы согуштарда катышканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG