Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

Кыргыз кол өнөрчүлөрү Лондондогу жармаңкеге катышат


Кыргызстандык кол өнөрчүлөр 12–13-май күндөрү Лондондо өтүүчү эл аралык жармаңкеде дагы бир ирет ийгилик жаратууну көздөп жатышат. Алардын бул иш-чарага катышуусуна Британиядагы Кыргыз элчилиги көмөк көрсөткөн. 

Британ баш калаасында жыл сайын өтүүчү фестивал быйыл 56-ирет уюштурулууда. Мартабалуу Кенсиңтон таун-холлунда өтүүчү көргөзмө-жармаңкеге жүздөн ашуун өлкөнүн уздарынын эмгектери коюлат.
 
Фестивалга Кыргызстандан белгилүү зергер, бир нече сыйлыктардын ээси Гүлсара Акматова-Дейвис катышат. Иш-чарага быйыл да британ падышалык үй-бүлөсү, жергиликтүү маданий ишмерлер жана дипломаттардын келиши күтүлүүдө.

Акматова-Дейвис өзүнүн акак, аметист, бермет жана күмүштөн жасалган соңку коллекциясын тартуулайт. Былтыр ушул эле жармаңкеде кыргыз уздарынын эмгектерине кызыгуу арбын болгон. 

 

XS
SM
MD
LG