Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын президенттин ар-намысын коргоо боюнча журналист Дайырбек Орунбековдун үстүнөн жазган арызы бүгүн Аламүдүн райондук сотунда каралат. Отурум түшкү саат бирде башталарын Орунбеков “Азаттыкка” билдирди.
Башкы прокуратура журналист 2010-жылкы июнь каргашасынын келип чыгышына Алмазбек Атамбаевди жана ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн башка өкүлдөрүн күнөөлөп макала жазганы үчүн сотко кайрылган.
Дайырбек Орунбеков муну саясий буйрутма катары сыпаттап, жакында Башкы прокуратураны сотко берерин айтты. Ошондой эле журналист президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн да сотко арыз жазып, ага карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун териштирүүнү талап кыларын айтууда. (SE)