Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын билдиришинче, Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу транспорт каражаттарын каттоо департаментинин кызматкерлери автоунааларды мыйзамсыз каттоого алган фактылар аныкталды. Аталган коррупциялык схеманын алкагында департаменттин кызматкерлери жүк ташуучу унааларды жүргүнчүлөрдү ташуучу микроавтобус катары каттап жүрүшкөн.
Эсеп палатасынын жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгында бул аракеттерден мамлекетке 9 миллион 103 миң сом зыян келтирилгени, башкача айтканда жол салыгынан 5 пайыз мамлекеттик казынага түшпөй келгени аныкталды. Бул факт боюнча 6-майда Кылмыш кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.(AzK)