Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:39

АКШ Мамлекеттик катчысы Орусияга келди


Жон Керри Сочиге келди, 12-май, 2015.
Жон Керри Сочиге келди, 12-май, 2015.

Жон Керри Сочиде бүгүн орус президенти Владимир Путин менен жолукканы жатат. Анда Украина менен Сириядагы жаңжалдарды саясий жөнгөрүүнүн жолдору талкууланат деп күтүлүүдө.

Азыркы сапар - АКШ Мамлекеттик катчысынын Орусияга соңку эки жыл ичинде биринчи ирет келиши. Керри Сочиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябаковдун айтымында, күн тартибиндеги башкы маселелер - Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу келишиминин аткарылышы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар.

Сочиден соң Керри НАТОнун жыйынына катышуу үчүн Түркияга барат. Андан кийин Вашингтонго кайтып, АКШ менен Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн саммитине катышат. (UE)

XS
SM
MD
LG