Француз президенти Франсуа Олланд мындай чакырыкты Кубадагы бир күндүк иш сапары учурунда жасады. Олланддын айтымында, жарым кылымга созулган эмбарго Кубанын өнүгүшүнө “зыянын” тийгизди.
Франция президентинин Куба көз карандысыздык алгандан берки алгачкы сапары Вашингтон менен Гавана өз ара мамилесин оңдоого киришкенин жарыялагандан беш айдан кийин жасалды. Президентти француз ишкерлеринин чоң тобу коштогон визит Куба менен Франция ортосунда бизнес жана дипломатиялык алака-катышты чыңдоо максатын көздөдү.
Франсуа Олланд Гаванада президент Раул Кастро менен жолугуп, анын бир тууганы, мурдагы лидер Фидель Кастро менен да бир сааттай сүйлөштү.
АКШ – Куба алакаларынын жылым тартышы жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткандыктан Кубага акыркы айларда эле Жапониянын, Евробиримдиктин, Нидерланддын башкы дипломаттары барып кетти.
Атүгүл Ак үй да келерки жылы Кубага АКШ президенти Барак Обама визит жасарын жокко чыгарбай турат.(UE)