Учурдагы расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү зилзаладан кеминде алты киши мерт болду.
Алардын төртөөсү Непалдын, экөөсү Индиянын тургундары.
АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, бүгүн түш оогондон кийинки зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,4 баллга жетти.
Зилзала борбор Катманду менен Эверест тоосу ортосунда, Кытай менен чек арага жакын аймакта болду. Жер силкинүүсүнүн күчү коңшу Индия менен Бангладеште да сезилди.
Катуу зилзалага Непал буга чейин да кабылган эле. 25 - апрелдеги жер силкинүүсүнөн 8150дөн ашуун киши өлүп, 17860тан ашууну жаракат алган.(UE)