Бул туурасында “Азаттыкка” Кыргызстандын муфтиятынан кабарлашты. Быйыл ажылык сапар үчүн 3685 квота бөлүнгөн. Анын ичинен 125и штаб мүчөлөрү үчүн бөлүндү.
Ажылык сапарга барчулар чүчү кулак кармоо жолу менен тандалат. Былтыр чүчү кулак кармап, бирок өтпөй калган 70 жаштан жогору карылар быйыл аны кармашпайт. Мындан тышкары соңку 4 жылда чүчү кулак менен өтпөй калган жарандарга быйыл кезексиз баруу мүмкүнчүлүгү берилет.
Быйылкы ажылык сапарга зыяратчылар болжол менен август айынын соңунда аттанышат. Алар ыйык жерге Бишкек - Жидда (Медина) – Бишкек, Ош - Жидда (Медина) – Ош багыты боюнча учуп кетишет. (AzK)