Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Керри Сочидеги сүйлөшүүлөрдү “ачык талкуу” деп баалады


Путин менен Керринин кездешүүсү. Сочи, 12-май, 2015-жыл.
Путин менен Керринин кездешүүсү. Сочи, 12-май, 2015-жыл.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин айтымында, ал орус президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украина, Сирия, Иран боюнча “ачык талкууларды” өткөрдү.

Керри бул тууралуу Twitter социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди. Мунун алдында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кабарчылар менен маегинде АКШ мамлекеттик катчысы менен болгон сүйлөшүүлөрүн “эң сонун” деп сыпаттаган эле.

Жон Керринин Орусия жетекчилиги менен жолугушуусу 12-майда Сочиде өттү.

Анын соңунан Орусиянын тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушууда Москванын Вашингтон менен тең укуктуу шарттагы конструктивдүү кызматташтыкка даярдыгы, Орусия улуттук кызыкчылыктарынан кысым астында баш тартпай турганы белгиленди.

Бул сапар АКШ мамлекеттик катчысынын Орусияга соңку эки жыл ичинде биринчи ирет келиши болду. (UE)

XS
SM
MD
LG