Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Таласта селден улам келтирилген чыгым эсептелүүдө


Бүгүн 13-майда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов селдин кесепетинен улам келтирилген чыгымды аныктоо үчүн Таласка жөнөп кетти.

Кечээ 12-май күнү кечки саат беш жарым чамасында Таластагы Кара-Коо жана Чанды райондорунда көнөктөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, эл жашаган аймактарга залал келтирилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда текшерилген 118 турак-үйдүн ичинен 71ин суу каптап калган, төрт үй авариялык абалда турат. Он чакты үйдүн жертөлөсүнө суу толуп кеткен.

Ушул тапта суу каптаган аймактар тазаланып, окуя болгон жерде экскаватор иштеп жатат. Аймактагы каналдын жабыркаган 50 метр бөлүгү бекемделип, калыбына келтирүү иштери уланууда. Тазалоо иштерине жергиликтүү тургундар дагы тартылды. (AzK)

XS
SM
MD
LG