Түндүк Кореянын коргоо министри өлкө лидери Ким Чен Ын катышкан аскердик парадда көзү ирмелип кеткени үчүн чыккынчы деп айыпталып, атууга кетти. Хен Ен Чхол апрелдин аягында Пхеняндагы Аскердик академиянын короосунда зениттик замбиректен атып өлтүрүлгөнүн жүздөгөн адамдар көрүшкөн. Бул жөнүндө Түштүк Кореянын Чалгындоо кызматы 13-майда Сеулда улуттук парламенттин комитетинин жабык жыйынында билдиргенин түштүк кореялык эки депутат тастыкташты.
Түштүк Кореянын "Енхап" жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, Хен аскердик парадда үргүлөп кеткенден башка да бир нече ирет Кимге моюн толгоп сүйлөгөн. Ал коргоо министри болуп өткөн жылы дайындалган эле.