Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

НАТО жана Ооганстан болочоктогу миссиянын милдетин аныкташты


НАТОнун солдаттары жанкечти өзүн-өзү бомба менен жардырган жайды инспекция кылышууда. Кандагар, Даман району. 30-апрель 2015
НАТОнун солдаттары жанкечти өзүн-өзү бомба менен жардырган жайды инспекция кылышууда. Кандагар, Даман району. 30-апрель 2015

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенбергдин билдиришинче, 13-майда Түндүк Атлантика уюму жана Ооганстандын жетекчилери альянстын Ооганстандагы болочоктогу аскерий-жарандык миссиясы боюнча келишимдин негизин макулдашты. Ал билдирүүнү НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Анталиядагы сессиясынан кийин жасады. Түркиядагы чогулушка Ооган тышкы иштер министри Салахуддин Раббани да катышты.

НАТОнун 12 500 аскерлүү азыркы миссиясы Ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырат. Анын вазийпасы качан бүтөрү жана жаңы миссия качан ишке киришери азырынча белгисиз. Бирок, НАТОнун башчысынын айтымында, жаңы миссиянын курамы азыркыдан кичинерээк болот.

XS
SM
MD
LG