Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу кыргыз тилинде ката жазылган көрнөк-жарнактарды сүрөткө тартып, адамдарды мамлекеттик тилди урматтоого багыттаган акция баштоого чакырды. Социалдык тармактар аркылуу коомчулукка кайрылган депутат топтолгон ката жазууларды президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясына жана “Кыргыз тили” коомуна жиберүү зарылдыгын белгиледи.
Кыргызстанда жарнамалар, көчөдөгү жазуулар мамлекеттик тилде көбүнчө ката жазылып жүргөнү сынга алынып келет. (SE)