Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:51

Экотехинспекция: кызматкерлерге эмненин негизинде иш козголгону белгисиз


Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын маалымат катчысы Анарбек Абазбеков билдирди.

“Манас-Чокморов көчөсүнүн кесилишиндеги ал имарат талапты бузуп, 9 кабаттын ордуна 11-кабат салып жаткандыктан биздин инспекторлор курулушту токтотуу боюнча эскертмелерди берип, айып салышкан. Ага карабай курулуш улана бергенде сотко кайрылганбыз. Компаниянын лицензиясын кайтарып алуу боюнча тиешелүү жерлерге кат жолдогонбуз. Анан кандай негизде мыйзамсыз курулушка тоскоолдук кылбай жатат дегени түшүнүксүз”, - деди Абазбеков.

13-майда Ленин райондук прокуратурасы Манас-Чокморов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу имараттын өзүм билемдик менен салынып жатышына тоскоолдук көрсөтүшкөн эмес деп Экотехинспекциянын кызмат адамдарына карата 316- (Шалаакылык), 353- (Өзүм билемдик) беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. (МТо)

XS
SM
MD
LG