АКШлык 10 конгрессмен жана Конгресстин 32 кызматкери 2013-жылы Бакудагы конференцияга Азербайжандын мамлекеттик SOCAR мунай компаниясынын эсебинен келген. "SOCAR изин жашыруу үчүн Кошмо Штаттардагы кирешесиз корпорация аркылуу 750 миң доллар которгон" деп жазды 13-майда Washington Post гезити Конгресстин этика боюнча купуя докладына шилтеп.
Бакудагы жыйында президент Барак Обаманын мурдагы үч мартабалуу жардамчысы сөз сүйлөгөн. Америкалык коноктордун ар бири жибек шарф, кристалл чайнек-пияла жана азербайжан килемин белекке алган.
Конгресстин иликтөөчүлөрү конгрессмендер менен кызматкерлердин сапары тыш өлкө тарабынан каржыланганын билгенин ырастаган далилдерди табышкан эмес деп жазат Washington Post.