Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Чаткалдыктар жарыксыз калуу коркунучуна кептелди


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука-Чаткал унаа жолунда кен казуу иштери жүргүзүлүп, андан улам жолду сел каптаган. Натыйжада жол бойлото орнотулган жогорку чыңалуудагы электр мамыларынын кээ бирлери кулап калуу коркунучу жаралды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов “Азаттыкка” билдирди.

“Эвентус” компаниясына жолдо казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилип, андан пайда болгон селден улам, каттам бир нече саатка токтогон жана электр мамыларына коркунуч келүүдө. Мамылар тез арада калыбына келтирилбесе, бүтүндөй чаткалдыктар жарыксыз калышы мүмкүн" деди Акматов.

Ала-Бука районунан тартылган электр линиялары Чаткалдын үч айыл өкмөтүнүн тургундарын жарык менен камсыздайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG