Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

НАТО - ЕБ өз ара кызматташууну бекемдейт


НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Анталиядагы жыйыны. Түркия, 14-май, 2015
НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Анталиядагы жыйыны. Түркия, 14-май, 2015

НАТО жана Европа Биримдиги Орусиядан келген “жаңы коркунучтар” алдында жана аскерий альянстын түштүк чек арасындагы коопсуздукка байланыштуу өз ара кызматташууну бекемдөөнү каалайт. Бул жөнүндө Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Анталиядагы жыйынында билдирди.

Ал эми НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг: “НАТО азыркыдай кооптуу жагдайда ар бир союздашын ар кандай коркунучтан коргоону уланта берет. Биз ошондуктан альянсты жаңы жагдайга ылайыкташтырып жатабыз жана жамааттык коргонуубузду чыңдоого "кансыз согуш" аяктагандан бери биринчи жолу өзгөчө көңүл буруудабыз" деди.

Могерини Евробиримдик жана НАТО түндүк африкалык качкындардын маселелерин да талкуулашы зарылдыгын айтты.

XS
SM
MD
LG