Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Могерини: НАТО менен ЕБ окшош проблемага туш келди


ЕБнын тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини. 13-май, 2015
ЕБнын тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини. 13-май, 2015

Орусия жараткан “жаңы коркунучтарга” жана альянстын Түштүк тарабындагы коопсуздукка байланыштуу НАТО менен Европа биримдиги өз ара кызматташууну бекемдөөнү каалайт. Бул жөнүндө Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Анталияда 14-майда аяктаган жыйынында билдирди.

Эки уюм “табияты боюнча эки башка болгону менен” окшош проблемага бет келди, Евробиримдик жана НАТО Украинанын чыгышындагы жагдайга байланыштуу Орусия менен болгон эрегишти, түндүк африкалык качкындардын агымы жараткан “түштүктөгү кризисти” да талкуулайт - деди Могерини.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, альянстын алдында Чыгыш жана Түштүктө улам жаңы чакырыктар турат.

XS
SM
MD
LG