Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Бишкекте эки секелек кыз зордуктоого кабылганы шектелүүдө


Бишкек мэриясынын алдындагы балдарга жардам берүү борбору тарабынан кечээ 6 жана 10 жаштагы эки кыз шаардык 3-балдар ооруканасына жаткырылды. Алар өгөй атасы тарабынан зордуктоого кабылган болушу ыктымалдыгын Балдар укугун коргоо лигасынан кабарлашты. Бул уюмдун маалыматына караганда, алдын-ала кароодо дарыгерлер зордуктоо болгонун тастыктаган. Бирок судмедэкспертиза аны четке каккан соң кылмышка шектелип кармалган киши бошотулган.

Белгилүү болгондой, кыздардын апасы былтыр ноябрда Аламүдүн раймилициясына кыздары өгөй атасы тарабынан зордуктоого кабылганы тууралуу кайрылган экен. Бирок он күндөн соң милиция шектүү кишини коё берген.

Мындан улам Балдар укугун коргоо лигасы республикалык судмедэкспертизага ишеним көрсөтпөсүн айтып, өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрине эки секелек кызга тез арада көз карандысыз экспертиза уюштуруу өтүнүчү менен кайрылды.

XS
SM
MD
LG