Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Кызыл-Кыя шаарында бир миллион доллар тонолгону аныкталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча түштүктөгү башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов билдирди. Бирок ал 29-апрелде болгон бул тоноо кайсы кылмыш топторунун колунан келгенин жана акча кимге таандык экени азырынча тергөө купуялыгына байланыштуу айтылбастыгын кошумчалады.

Мурдараак Кызыл-Кыя шаарынын төрт тургуну Ош эл аралык аэропортундагы 5,6 млн. долларды карактоого тиешеси бар деп колго түшүп, алардан ири суммадагы акча жана курал табылган болчу. Жакында алардын табакташы деген эки казакстандык, бир орусиялык жаран кармалганын, аларды Кыргызстанга өткөрүү боюнча казак жана орус бийлигине билдирүү жөнөтүлөрүн кечээ Ички иштер министрлигинен кабарлашкан.

2014-жылдын 27-декабрында беткап кийип, куралданган беш адам Ош аба майданынын VIP залына кирип, атайын операция жүрүп жатканын айткан жана элди полго жатууга мажбурлашкан. Андан соң үч-төрт баштыкты жана бир адамды өздөрү менен кошо алып кетишкен. Белгисиз адамдардын колунда Калашников автоматы, Макаров тапанчасы жана видео камералары болгон

XS
SM
MD
LG