Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Искакова Европанын үч өлкөсүндөгү элчилик кызматтан алынды


Гүлнара Искакова
Гүлнара Искакова

Гүлнара Искакова Кыргызстандын Швейцариядагы, Лихтенштейндеги, Италиядагы элчисинин, Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Мындай жардыкка президент Атамбаев бүгүн кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Ушул эле күнү президенттин дагы бир жардыгы менен Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду. Жардыкта бул эки дипломат тең башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылган.

XS
SM
MD
LG