Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 09:30

"Ислам мамлекети" Анбар провинциясынын борборун ээледи


Ирактын коопсуздук күчтөрү Рамади шаарындагы базасын коргошууда. 14-май 2015

“Ислам мамлекети” радикал тобунун желдеттери Ирактын батышындагы Рамади шаарындагы негизги өкмөттүк имараттарды басып алышты. Имараттардын төбөсүнө жихадчылар кара желектерин илишкенин "Франс пресс" жана "Ройтерс" агенттиктери кабарлады.

Эрегишчилер өткөн түнү Рамадидеги Анбар провинциясынын губернаторунун кеңесине жетүү үчүн алты жанкечти отурган алты унааны жардырышкан. Бул чабуул кезде 10 полициячы өлүп, жети полициячы жарадар болгонун Ирак бийликтери билдирди. Буга чейин Рамадинин көпчүлүк бөлүгүн өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөп турган.

XS
SM
MD
LG